Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Элечектин белчесинен бастыра оролгон, жазылыгы төрт элиден ашыгыраак келип, бир нече кабат бүктөлгөн ак кездеме. Казандай оролгон элечегине ак жибек тартма тартынган Күмүш чубалжыган көчтүн алдында келе жатат (Жантөшев). 2. Столдун, шкафтын ж. б. үкөк түрүндөгү суурмасы. Катчысы комитеттин кайра туруп, Тартмадан бир топ кагаз алды сууруп (Үмөталиев). 3. диал. Басмайыл.